Республикалык олимпиадада 1-орунду 155 окуучу ээледи

Республикалык олимпиадада 1-орунду 155 окуучу ээледи

Кыргызстанда 478 окуучу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-25-мартта Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын облустук борборлорунда республикалык олимпиаданын III этабы болуп өткөн. Олимпиада 17 окуу предмети боюнча болуп, ага жалпысынан 1 976 окуучу катышкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары “кызыл зонага” киргендиги тууралуу билдирүүсүнүн негизинде олимпиаданын IV этабын өткөрүү маселеси COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында каралган. Жыйынтыгында азыркы шартта массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармануу сунушталган.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын сунушу эске алынып, Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен облустук турда 1, 2 жана 3-орундарга ээ болгон 478 окуучу 2020-2021-окуу жылынын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлѳрү деп табылган.

Алардын ичинен биринчи орунду – 155 окуучу, экинчи орунду – 166 окуучу, үчүнчү орунду – 157 окуучу ээледи. 1-орунду багындырган 155 окуучуга I даражадагы дипломдор жана китеп сатып алууга сертификаттар берилет, ал эми 2, 3-орунду ээлеген окуучуларга II жана III даражалардагы дипломдор тапшырылат.

Ошондой эле республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон 270 окуучу – 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылыктарга ээ болушат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>