Рита Карасартова мамлекеттик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Рита Карасартова мамлекеттик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова өз каалосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бул тууралуу ал  “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазып чыгып,  арызынын сүрөтүн жайгаштыган.

“Окуу жылын аяктап, өз каалоом менен кетүү тууралуу арыз жаздым. Жарандык активизмге салам айтам! Жашоо сабагы үчүн өкмөткө рахмат, мен эмнени жасай алганымды жана кандай себептер менен айрым иштерди жасай албаганымды акырындык менен билдирем”, – деп жазган ал.

Укук коргоочу жана жарандык активист катары таанылган Карасартова бул кызматка 2019-жылдын декабрь айынын соңунда барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>