Рыскелди Момбеков жан сакчысы экөө таксистти сабап салды

Рыскелди Момбеков жан сакчысы экөө таксистти сабап салды

Рыскелди Момбеков жан сакчысы экөө Бишкектен таксисти сабап салды. Бул туурасында Reporter.kg ге ишенимдүү булактар кабарлады.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 3-сентябрь күнү башкалаанын Тоголок Молдо Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде күндүзгү маалда болгон.  Чыр депутаттын жана такси айдоочуларынын ортосунда жол эрежелериндеги талаштан келип чыккан.

Ал эми Биринчи май райондук  милициясына “102” кызматына болжол менен 16:50 лөр чамасында конфликт чыкканы туурасына маалымат келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге күч органдары жетип барып «BMW» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1994-жылы туулган С.И. аттуу жаранды милиция бөлүмүнө жеткирген. Ал ошол жерден Р.М. аттуу жаранды жана анын жан сакчысынын үстүнөн бейбаштык  жана денесине залал келтиргени боюнча арыз жазган” делет маалыматта.

Учурда бейбаштык 119-беренеси боюнча бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>