Сүйүн Өмүрзаков тапанчадан ок атуу мелдешинде биринчи орунду алды

Сүйүн Өмүрзаков тапанчадан ок атуу мелдешинде биринчи орунду алды

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков тапанчадан ок атуу боюнча күч түзүмдөрү ортосунда өткөрүлгөн мелдеште биринчи орунду алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Мелдеште Сүйүн Өмүрзаков 87 балл топтогон. Ал эми экинчи орунду Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети, үчүнчү орунду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өулдөрү ээлеген”,- деп жазылат маалыматта.

Жеңүүчүлөр менен байгелүү орунду ээлегендер жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан тиешелүү даражадагы меделдар, дипломдор жана кубоктор менен сыйланышмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>