Site icon Reporter.kg

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону атыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта Азия чемпиону атыкты.

Турнир Алматы шаарында бүгүн,16-апрелде өттү. Тыныбекова финалдык кармашта монголиялык балбан кызды 11:0 эсебинде утту.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы спорттук күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.
— Кыз-келиндер арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатынын бир нече жолку жеңүүчүсү
— 2010-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2012-жылы Алматыда өткөн лицензиялык турнирде күмүш медаль
— 2013-жылы Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2013-жылы Болгарияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы Казань шаарында өткөн дүйнөлүк универсиадада коло медаль
— 2014-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2014-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында коло медаль
— 2015-жылы Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2016-жылы Бангкокто өткөн Азия Чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Ислам тилектештин оюндарында алтын медаль
— 2017-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль
— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль
— 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль
— 2019-жылы Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль

— 2020-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда чемпионатында алтын медаль

Кыргызстандын эмгек сиңирген спортчусу, «Данк» медалынын ээси.

Exit mobile version