Сүйүнчү! Төрт эмдин ата-энеси батирлүү болушту

Сүйүнчү! Төрт эмдин ата-энеси батирлүү болушту

25-февралда Бишкекте Азамат Сманов менен Нурайым Рысмат кызы төрт эмдүү болушкан. Алар эми батирлүү болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

1-август күнү президенттик аппараттан Алмаз Кененбаев, Октябрь райондун акими Максим Ситников жаңы төрөлгөн ымыркайларды көрүп, балдардын ата-энесин конушу менен куттуктады.

Наристелердин ысымы Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөгө муниципалитеттен акысыз сүт азыктарын жана ай сайын 3 миң 240 сомдон жөлөк пул берилет. Бишкек шаардык кеңештин буйругу менен үй-бүлөгө 90 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам берилип, 16 миң сом сүйүнчү пул бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>