Садыр Жапаров: Бийликти курал менен басып алабыз дегендер бар

Садыр Жапаров: Бийликти курал менен басып алабыз дегендер бар

Анча мынча саясатчылар “куралдуу төңкөрүш кылабыз” деп сүйлөшүп жаткандар бар. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров aryba.kg сайтына берген маегинде билдирген.

Ал журналисттин “шайлоо жакындап калды. Тынч өтөрүнө кепилдик бере аласызбы” – деген суроосуна жооп берип жатып айткан.

“ 100 пайыз кепилдикти бир гана Кудай берет. Мен 99 пайыз кепилдик берем.  Мурдагыдай бийлик тараптан административдик ресурс колдонулган жокпу? Жок. Сатып алуу, сатуу дегендерди колубуздан келишинче тыйып жатабыз. Талапкерлер менен 3,5 миллион шайлоочунун ар биринин артынан киши кое албайт экенбиз. Ошондуктан, эл өзү добушун сатпаш керек. Бийлик тараптан админресурс колдонулбагандан кийин тынч өтөт. Эмне шылтоо менен эл көчөгө чыгыш керек? Шылтоо жок.

“Ооба. Анча мынча саясатчылар “куралдуу төңкөрүш кылабыз” деп сүйлөшүп жаткандар бар. Алардын ар бирин билебиз. Далилдер топтолду. Шайлоодон кийин аларга катуу чара көрөбүз. Азыр чара көрө баштасаң “шайлоого карата болуп жатат” деп тарапташтары кыйкырып чыгышат. Ушул акыркы шайлоо. Мындан ары беш жыл бою саясатты унутабыз. Баарыбыз экономиканы көтөрүү менен алек болобуз. «Повод» жок эле чыга бергендер болсо катуу жазасын алышат. Биз өзүбүз дагы «повод» бербейбиз. Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол” – деген Садыр Жапаров.

 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>