Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекетке кайтаруунун кажети жок

Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекетке кайтаруунун кажети жок

Өкмөт башчылыкка сунушталган Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенин мамлекетке алуунун зарылдыгы жок экенин  айтты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Талант Мамытов андан Кумтөр маселеси боюнча азыркы оюн сурады.

«2012-жылы  Кумтөр боюнча комиссия түзүлүп, анын башчылыгына мен дайындалгам. Текшерип келип, Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өтсүн деген токтом чыгарганбыз. Андан кийин биз Кумтөр боюнча маалымат жеткирүү максатында митинг уюштуруп, Камчыбек Ташиев, сиз жана мен камакка түшүп, 9 ай жатып, кайра чыкканбыз. Андан кийин мен чет өлкөгө чыгып кеттим. 2017-жылы кайра келип, камалдым. Кечээ жакында чыктым.

Мен түрмөдө жатканда журналисттер жактоочум аркылуу суроо жөнөткөн экен 2 жыл мурда. Мен ошондо жазгам, Кумтөрдү 8 жыл мурда алсак болмок, азыр кеч болуп калды деп. Анткени 8 жыл мурда алтындын кору көп болчу. Андан бери калбай деле калды. Аны алыштын кажети жок дегем. Андан көрө «Центерра Голд» аягына чейин иштетип, ошол жердеги бузулган тоолорду калыбына келтирип кеткени туура болот деген оюмду билдиргем. Мен биринчи ушул маселеден баштайм. Аны мамлекетке алабыз деген ой жок азырынча”, – деди Садыр Жапаров.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>