Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти. Эмне маселелер талкууланат?

Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти. Эмне маселелер талкууланат?

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Орусиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылган.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>