Садыр Жапаров: Премьер-министр болсом мурдагы өкмөттүн программасы менен иштейм

Садыр Жапаров: Премьер-министр болсом мурдагы өкмөттүн программасы менен иштейм

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына өзүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу атаган Садыр Жапаров да катышып жатат. 

Ал талапкер катары сөз алып, өкмөт башчынын милдетин аткарууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан кыйын кырдаалда турганда алып чыгуу даярдыгын билдирди.

Программасы тууралуу суроо узатканда парламент мурдагы өкмөткө бекитип берген программаны азырынча улантарын билдирди. 

Буга чейин  Мыктыбек Абдылдаев кворум бар экенин билдирип, жыйынга 62 депутат катышып жатканын айткан. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>