Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровду резиденциянын алдында 5 аял күтүп турат

Мамлекеттик резиденциянын алдында 5 айым Президент Садыр Жапаровду күтүп турат. Алар Бишкек шаарынын Юлиус Фучик 24 дарегиндеги  көп кабаттуу үйдү менчиктештирип берүү талабын коюп жатат. Бул туурасында митингди уюштуруучулардын бири  Айзада Эсенканова Reporter.kg′ге билдирди.

Ал аталган даректеги үйдү 15 жылдан бери менчиктештире албай жатабыз дейт. Атайын плакаттарды көтөрүп турушат.

“Үйдүн кыскача тарыхына токтоло кетсем. Бул имарат 1990-91-жылдары Фрунзе заводуна караштуу болчу. Ошол жылдары Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Наркологиялык диспансер ижарага алып турган. Кийинчерээк, 1996-жылы ижара акысын төлөй албай калгандыктан Бишкек мэриясы 5-кабатын жаш кызматкерлерине «өзүңөр ремонт кылып киргиле» — деп берген. 2002-жылы Наркология кетип, Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту келген. Бул мекеменин директору Рустам Курманов менчиктештирип берем деп коюп алдап жүрөт. Эми ал аукционго коюп сатып салам деп жатат” – деди.

Ошондой эле нааразы тарап Мамлекеттик резиденциянын алдында туруп Президент Садыр Жапаровго жолугуп, ушул маселеге чекит коюп берүүсүн сурайбыз деп күтүп жатышканын белгиледи. Ушул тапта 5-6 эле жаран турабыз, дагы элдер кошулат. Бул маселе чечилмейинче резиденциянын алдынан жылбаарын кошумчалады.

Exit mobile version