Садыр Жапаровдун инагурациясына Сооронбай Жээнбеков чакырылдыбы? Жооп

Садыр Жапаровдун инагурациясына Сооронбай Жээнбеков чакырылдыбы? Жооп

Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун инагурациясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков чакырылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ал Кыргызстандын мурдагы башчыларынын бардыгы Жапаровдун инагурациясына чакырылганын айтты.

«Президенттикке койгон бардык талапкерди дагы чакырдык», — деди ал.

Буга чейин чет мамлекеттерден бир гана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев чакырылганы белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун инагурациясы 28-январда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>