Садыр Жапаровдун уулу туурасындагы кептерге жооп

Садыр Жапаровдун уулу туурасындагы кептерге жооп

Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат. Бул туурасында Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратты.

Анын айтуусунда, мамлекет башчысы буга чейин, өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсыл бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген. Бул өзгөрүүсүз бойдон калат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров парламенттик шайлоого даярданып жатканын айтып чыккан болчу.

Садыр Жапаровдун уулу депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>