Садыр Жапаровдун уулунун тажыясы Түп районунда болот

Садыр Жапаровдун уулунун тажыясы Түп районунда болот

Садыр Жапаровдун уулунун тажыясы 28-август күнү Түп районунун Кең Суу айылында болот. Бул тууралуу адвокат Шарабидин Токтосунов билдирди.

Токтосунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековко жана Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевке кайрылуу жазып, Жапаровду уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатуна уруксат берүүнү суранган.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан  Мусталиев 26-август күнү жол кырсыгынан алган жаратынан 3 кун бою комада жатып, өзүнө келелбай  каза болду.

Жол коопсуздугу кызматы кырсык 22-августта саат 22:45те Көк-Жар айылында болгондугу тууралуу билдирүү таратты.

“Дастандын башкаруусундагы мотоциклди С.Э. атту адамдын башкаруусундагы “Тойота Матрикс” унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Андан соң Дастан.”Лексус 330»” унаасына урунган. С.Э. унааны башкара албай калып жабырлануучуну тебелеп кеткен. Кырсык учурунда мотоциклдин жүргүнчү отура турган жеринде 20 жаштагы кыз болгон, ал оор жаракат алып ооруканага жеткирилген», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  териштирүү иштери башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>