Сагынбаев: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө

Сагынбаев: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат. Мындай пикирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өткөн жыйында айтты. Маалыматты Президенттин басма сөз кызматы таратты.

Сагынбаев эки өлкөнүн укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча макулдашууга жетишкенин баса белгиледи.

Мындан сырткары ал эки өлкө ортосундагы кошуналык мамилени бекемдөө, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кыргыз тараптын багыты экенин белгилеп, Бишкек жана Дүйшөнбү ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог активдешип жатканына токтолду.

Кыргыз-тажик чек арасында келип чыккан кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу визит менен барат. 

Белгилей кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Кырдаалды  жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир нече жетекчилер жаңжал чыккан аймакка барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>