Сагындык Келдибаев: Чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерди мигрант эмес, инвестор катары мамиле кылуу керек

Сагындык Келдибаев: Чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерди мигрант эмес, инвестор катары мамиле кылуу керек

Жогорку Кеңештин депутат Сагындык Келдибаев «Чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан мекендештерибизге мигрант катары эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек». Ал бул маселени бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жыйынында ар кандай маселелер саатында билдирди.

«Россияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которуу көлөмү кескин түшүп кетти. Быйыл өткөн 5 ай аралыгында 200 млн доллар каражат кем которулду. Алардын акча которуусун 500 доллар, жанында алып келүүсүн 300 доллар менен чектеп коюшуптур. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан, мындай чектөөлөрдүн коюлганы туура эмес. Өкмөт тезинен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай көйгөйдү чечиши керек.

Эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө иштегени менен, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жатышат. Алар жыл сайын бир жарым миллиард доллардан ашуун каражат которуп келет. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү жана калк турмушунун жакшыруусу үчүн зор салым. Ошондуктан, чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан мекендештерибизге мигрант катары эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>