Саляновдун өлүмүндөгү саясий өңүттү аныктоо үчүн ишти кайра тергөө сунушталууда

Саляновдун өлүмүндөгү саясий өңүттү аныктоо үчүн ишти кайра тергөө сунушталууда

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүндөгү саясий өңүттөрдү аныктоо үчүн ишти кайра тергөөгө жөнөтүү сунушталууда. Маркумдун жакындарынын айтымында ИИМдин билдирүүсү мындай өтүнүчкө себеп болгон.

Белгилей кетсек, ИИМ июнь айында атайын билдирүү таратып, Көк-Жар айылындагы өз үйүндө киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмүндө саясий өңүт болушу мүмкүн экенин айткан.

Саляновду өлтүрүүгө негизги шектүү катары кармалган 36 жаштагы Асанэмир Абыкулов ушул жылдын май айында Орусиядан Бишкек шаарына алынып келинген. Ал мурда да оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

2017-жылдын ноябрь айында аталган кылмыш ишке шектелген 33 жаштагы Чүй облусунун тургуна кармалган эле. Ал эми үнчү шектүү Заур Насруллаев 2018-жылы Екатеринбург шаарынан кармалган.

ИИМден билдиргендей, учурда Улан Саляновду өлтүрүү тууралуу кылмыш иши боюнча бардык шектүүлөр кармалган

Улан Салянов мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси. Учурда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кармалып, 26-августка чейин камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>