Салымбеков: Тарифтерге болгон бааны этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт элем

Салымбеков: Тарифтерге болгон бааны этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт элем

Тарифтерге болгон бааны этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт элем. Бул тууралуу коомдук ишмер Аскар Салымбеков социалдык тармак аркылуу билдирди.

Анын айтымында, өкмөт коомчулуктун пикири менен эле токтолуп калбастан, дүйнөдөгү башка мамлекеттердин электр энергиясын колдонуу ыкмаларынын биздин мамлекетке ылайык келүүчү кандай тажырыйбалары бар экенин карап чыкса туура болот.

“Айрым мамлекеттерде күн ичиндеги жана күз-кыш мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун тарифтери ар кандай болгон түрлөрү кездешет. Ошого жараша тарифтик баалар коюлса тартипке түшөт. Бүгүн техниканын өнүккөн кезинде мындай ыкманы колдонуу кыйынчылык деле туудурмак эмес.

Ошону менен бирге эле тарифтерге болгон бааны этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт элем. Бул боюнча атайын иштелип чыккан программа кабыл алынып, электр энергиясынын чыгымын азайтуу менен аны өндүрүүнүн кубаттуулугуна жетишүү керек демекчимин. Электр энергиясын колдонууга болгон баа эртедир кечтир өзүнүн өндүрүлгөн таза наркына коюлушу керек болчу. Энергетика тармагыбыз таптакыр кризиске батып, абал бүгүнкүдөн да оорлой электе, тармакты оңдоп кетүүнү колго алуу ишин баштаган туура. Кечиксек кырдаал мындан да оорлошуп, аны оңдоого кеткен чыгым дагы көбөймөкчү”, — деген Салымбеков.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>