Издөөдө жүргөн Сапар Исаков менен Азамат Арапбаев Стамбулда жолукту

Издөөдө жүргөн Сапар Исаков менен Азамат Арапбаев Стамбулда жолукту

Мурдагы премьер-минстр Сапар Исаков менен Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев жолукту. Бул тууралуу «Репортёрго» өздүк булактар билдирди.

Жолугушу Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, саясатчылар бизнес жаатында сүйлөшүшкөн.

Азамат Арапбаевдин Ош облусунда чоң активдери бар. Алардын ичинен эң белгилүүсү, жубайы Нурсауле Арапбаевага катталган Аравандагы цемент завод. Айрым маалыматтар боюнча, депутаттын мекемесинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен Сапар Исаков кызыкчылыгы болгон.

Ошондой эле алар жолугушуу учурунда өз бизнесин Чүй облусунун аймагында кеңейтүүнү сүйлөшүшкөн.

Белгилей кетсек, Азамат Арапбаев КСДП партиясынан депутат болгон, ага чейин “Ак Жол” партиясынын тизмегинде жүргөн. Учурунда Жогорку Кеңеште Сапар Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, аны премьер-министрликтен кетирүү үчүн добуш берилгенде, ал анын отставкага кетүүсүнө каршы добуш берген.

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгып кетип кайра кармалышкан. Ал эми абакка кайтып барбагыны үчүн премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>