Сардоба дамбасындагы кырсыкка байланыштуу 9 адам кармалды

Сардоба дамбасындагы кырсыкка байланыштуу 9 адам кармалды

Сардоба окуясы боюнча 9 киши кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлаган. Сырдарыя облусундагы Сардоба дамбасы 1-майда жырылып, алты киши өлгөн, 70 миңдей жашоочу коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Маалыматка караганда, дамбаны курууга буюртма берген, долбоорлогон, курулушту жүргүзгөн компаниялардын, Суу чарба министрлигинин жооптуу кызматкерлери кармалды.

Эксперттердин бүтүмүндө долбоорлоо документтериндеги, курулуштагы жана пайдаланууга берүүдөгү кемчиликтер дамбанын жырылышына себеп болгону айтылган.

Сардоба суу сактагычы ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен 2010-жылы курула баштаган. Суу сактагыч 2017-жылы салынып бүткөн, ага мамлекеттик бюджеттен 404,4 миллион доллар бөлүнгөн.

Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышынан улам Өзбекстандын жана коңшулаш Казакстандын айылдарын суу каптап кеткен. Мирзиёев кырсыктан зыян тарткан үч районго 50 көп кабаттуу үй курууга убада берген. Суу каптоодон жабыркаган Казакстандын Түркстан облусунун жашоочулары мамлекеттен 100 миң теңге (240 доллар) алышат.

Курулуш тармагындагы адистер дамбанын жырылышына ири коррупция: бетон жана башка курулуш материалдарын уурдоо себеп болгон деп эсептешет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>