Сариев партиядан партияга секирип жатып, аброюн түшүрдү, — саясат талдоочу

Сариев партиядан партияга секирип жатып, аброюн түшүрдү, — саясат талдоочу

Парламенттик шайлоонун алдында алгач “Ата-Мекен” менен биригип, кийин “Бүтүн Кыргызстанга” кошулуп, эми андан да чыкканын жарыялаган Темир Сариев тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтыла баштады.

Айрымдар саясатчынын бул кадамына сындашса, айрымдар колдогон пикирлерди жазышууда.

Саясат талдоочу Марс Сариев болсо Темир Сариев анын убагы өткөнүн билип, парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын айтат. 

 “Партияга барганда биринчи кезекте соодалашуу жүрөт. Ким биринчи ондукка кирет, ким канча сумма алып келет жана башка нерселер.  Ал ыңгайлуу сунуштарды издеп, бир партиядан бир партияга чуркап жүрдү.  Азыр анда электорат жокко эсе десе болот. Мурдагы салмактуу саясатчылардын көпчүлүгү шайлоого катышпай жатышат.  Анткени добуш ала алышпасын билишет.  Азыр таптакыр башка кырдаал элдер өтө саясатташып кеткен.  Мисалы Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов сыяктуу эски саясатчылар аларга мүмкүнчүлүк жок экенин көрүп, алардын убагы өткөнүн билип, өздөрүн обочо кармоодо. 

Сариев болсо алгач добуш ала алам деп ойлоп, бир партиядан бир партияга чуркап көрдү. Бирок кийин биринчи ондуктарга кирүү өтө кыйын экенин, ал жак жаш кадрлар менен толгонун көрдү.  Бирок ал анын партиядан партияга өтүп жатканы ЖМКларда чагылдырыларын унутуп, аброюн  аябай түшүрүп алды” – дейт саясат талдоочу. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>