СASA-1000: Электр берүү чубалгылары адамдын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө кандай таасирин тийгизет?

СASA-1000: Электр берүү чубалгылары адамдын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө кандай таасирин тийгизет?

CASA-1000 долбоорун даярдоодо эки этаптуу изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында эксперттер региондун экологиясы жана жергиликтүү тургундар үчүн долбоор коопсуз деген корутунду чыгарышкан.

CASA-1000 – Борбордук Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоо боюнча масштабдуу долбоор. Ал Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистанды камтыйт. Аталган өлкөлөр миң километрден ашык электр берүү чубалгыларын тартуусу керек. Жалпысынан Кыргызстанда бул Электр берүү чубалгылары (ЭБЧ) үчүн “Датка” 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455 километр ЭБЧ тартылып, чубалгылар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт. Курулуш иштери Баткен облусунан башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери Ош жана Жалал-Абад облустарында да жүрүп жатат.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын («КУЭТ») долбоорлорду ишке ашыруу тобунун CASA-1000 коопсуздук чаралары боюнча адиси Мээрим Керимбекова билдиргендей, айлана-чөйрөгө тийүүчү таасирди баалоо боюнча «Айлана-чөйрөгө тийүүчү таасирди баалоо» (АЧТБ) деген атайын отчётто ишке ашырылган. Документ эки этапта иштелип чыгып — биринчисинде, долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана компоненттерин баалоо этабында алдын-ала баа берилди, экинчисинде — долбоордун бардык параметрлерин деталдуу тактоо менен жыйынтыктоочу баа берилди. Белгилей кетүүчү нерсе, АЧТБ мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүп, анын оң корутундусун алган. Бардык алдын-алуу чаралары аталган АЧТБда эске алынган. Ар бир каалоочу отчёт менен жалпыга жеткиликтүү «КУЭТ» ААКтын сайтынан тааныша алат.
CASA-1000 долбоору Дүйнөлүк банк, Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат жана эл аралык стандарттардын, ошондой эле улуттук жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарына жооп берет.

Адамдын ден-соолугуна ЭБЧ таасир этеби?

Эгер белгиленген эрежелер сакталса, ЭБЧ адамдын ден-соолугуна коркунуч келтирбейт. Калкты аба чубалгылары (АЧ) пайда кылган электр талаасынын таасиринен коргоо максатында санитардык ажырымдар –​​ жогорку чыңалуудагы чубалгылардын трассасын бойлой орнотулат. CASA-1000 долбоорунда бардык санитардык-коргоо зоналары (СКЗ) сакталган, алар ЭБЧдан турак жайларга чейинки кандай аралык  адамдардын жашоосу үчүн коопсуз экендигин аныктайт. Ошол эле учурда белгиленген аралыктан ЭБЧга жакын болуу жана жанында иштөө адамдын ден-соолугуна зыян келтирбейт. Бирок туруктуу ага жакын санитардыкажырымдын ичинде жашоо сунуштала бербейт, СКЗнын талаптарын сактоо мүмкүн болбогон жана үй чарбаларынан ажыратылган жерлерде көчүрүү боюнча иш-аракеттердин планы даярдалган. Аталган жерлердин жашоочулары келтирилген ыңгайсыздыктар, көчүү чыгымдары үчүн компенсация алышкан.

Жаныбарлар жана канаттуулар үчүн ЭБЧга жакындоо кооптуубу?

CASA-1000 долбоорунун алкагыдагы ЭБЧнын курулушу региондун флорасына терс таасирин тийгизбейт, анткени курулуш негизинен жайыттарда, айыл чарба талааларында, унаа жолдорунун боюнда жүргүзүлөт. Тирөөчтөр орнотулган аянтчалар аз эле чарчы метрди ээлегендиктен фаунага тийгизген таасири билинер-билинбес.
Канаттуулардын миграциялык жолунун айрым жерлеринде алар ЭБЧга туш болушат, келгин куштардын өлүмүнө жол бербөө үчүн эксплуатациялоо этабында ЭБЧнын тирөөчтөрү канаттууларды коргоочу конструкциялар менен жабдылган.

ЭБЧнын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн дагы кандай иштер жасалды?

“Белгилей кетсек, АЧТБ боюнча CASA-1000дин жер тилкелерине тийгизген таасири өтө олуттуу. Ошондуктан, курулуш иштерин баштаардан мурун биз жер кыртышынын түшүмдүүлүгүнө баа беребиз. Түшүмдүүлүк тастыкталган учурда жердин 30 сантиметрге чейинки катмары казылып алынып, атайын кавальерлерде сактоо үчүн ташылып кетилет. Курулуш иштери аяктагандан кийин алар ордуна кайтарылат, мындай иштер жер ресурстарын сактап калууга мүмкүндүк берет”.
“Андан тышкары, ЭБЧнын бир бөлүгү кызыл китепке кирген акантолимон менен жоогазындын эки түрү өскөн аймактар аркылуу өтөт. Бул аймактарды айланып өтүү үчүн подрядчылар ЭБЧнын тирөөчтөрүн бир нече жолу жылдырган, бирок тирөөчтөрдү жылдыруу ишке ашпай калган жерлерде биз КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын алдыңкы эксперт-биологдорунун жетектөөсү менен өсүмдүктөрдү көчүрүү боюнча иштерди жүргүздүк”.
Айлана-чөйрөгө тийүүчү таасирди жеңилдетүү – сапаттуу курулуш техникасын, материалдарды, мыкты мүнөздөмөгө ээ болгон күйүүчү майларды тандап алуу менен, ошондой эле мүмкүндүү таасирлерди азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жана коргоо чараларын көрүү менен ишке ашырылат.
CASA-1000 долбоору боюнча курулуш иштерине экологиялык жактан көзөмөл жүргүзүүчү, тиешелүү лицензиясы бар көз карандысыз компания  «Чүй экологиялык лабораториясы» ЖЧК да тартылган. Анын милдети курулуш иштерин дайыма көзөмөлдөө жана долбоорду экологиялык жактан коштоо. Долбоорду ишке ашыруунун ар бир этабында аны колдоого ала турган жана долбоордун коопсуз ишке ашырылышын камсыздай турган ар кандай багыттагы адистер тартылып турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>