Сатурация деген эмне? – Министрликтин түшүндүрмөсү

Сатурация деген эмне? – Министрликтин түшүндүрмөсү

Саламаттыкты сактоо министрлиги  коронавирус менен ооругандарды дарылоодо учурунда айтылуучу сатурация түшүнүгү боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, сатурация (каныктыруу) — суюктукту газдар менен каныктыруу дегенди түшүндүрөт.

Коронавирус адамдын дем алуу системасына киргенде  кандагы газ алмашуу жана кандагы көмүр кычкыл газынын жана кычкылтектин балансы бузула баштайт.
Мындай абалдын пайда болуу коркунучун алгачкы этаптарда аныктоого — пульсоксиметр мүмкүндүк берет.

Светодиоддору бар сенсор манжанын үстүнө басылат. Жарык кан жана жумшак ткандар аркылуу өткөндө, анын жарым-жартылай сиңиши пайда болот, бул кандагы кычкылтекти аныктоого мүмкүндүк берет.

Алынган маалыматтар түзмөктүн дисплейинде сандар түрүндө көрсөтүлөт. Эгер каныккандык 94-95% дан төмөн болсо, доктурга кайрылуу керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>