Сауд фонду элет жерин таза суу менен камсыз кылууга 20 млн доллар насыя бөлөт

Сауд фонду элет жерин таза суу менен камсыз кылууга 20 млн доллар насыя бөлөт

Сауд өнүктүрүү фонду Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилет. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

«Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын  аткаруу мөөнөтү – 4,5 жыл», — деп кошумчалады баяндамачы.

Депутат Бакирдин Субанбеков баарыдан мурда таза суу булактарынын тазалыгын сактоо зарылдыгын билдирди.

 «Таза суу менен камсыздоо департаменти адегенде агын суулардын айланасын тазалап, суу жээгинде эс алган адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Ошондо айыл таза суу менен камсыздалды, санитардык абал жакшырды деп айтсак болот», — деди ал.

Депутат Тариел Жоробеков ушул долбоор толугу менен ишке аша турган болсо, Талас облусунун баардык айылдары таза суу менен камсыз болор-болбосуна кызыкты.

Департаменттин директору бул долбоордун алкагында бир топ айыл таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин белгиледи.

«Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы баардык айылдар таза суу менен камсыз болот, анын ичинде Талас аймагы да бар», — деди Аскарбек Токтошев.

Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>