Сегиз килограмм баңгизатты абактагыларга сатууну көздөгөн киши кармалды

Сегиз килограмм баңгизатты абактагыларга сатууну көздөгөн киши кармалды

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери 8 килограммдан  ашык гашиш баңгизатын сатууга  аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде Бишкек шаарынын Жамгырчинов көчөсүнөн А.А. аттуу жарандын башкаруусундагы “BMW” үлгүсүндөгү автоунаа токтогулган.

Унаага кароо жүргүзүү учурунда анын ичинен таңгакталган жапайы өскөн кара куурай кендир жыты бар, кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган.  Кызматкерлер баардыгы 30 даана экендигин  эсептеген.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат салмагы 8 килограмм 262 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экендиги  аныкталган.

Баңгизат унааны айдоочусу 37 жаштагы А.А.га таандык деп аныкталган, жана ал түзөтүүчү мекемелердин биринен соттолгон  жактарга баңгизаттарды саттууга аракет жасаганы айтылат.

Учурда баңгизатты ташууга тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>