Сейтек Атамбаев атасы тууралуу: Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшөлтөт

Сейтек Атамбаев атасы тууралуу: Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшөлтөт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасы тууралуу өз оюн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Сейтек Атамбаевдин билдирүүсүн толугу менен беребиз:

«Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү карасам:

«Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?» — деген суроолор көп болууда.

Кечирип койгула мени, мен эми кичинекей макимди алып алып ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи, же эмне ортого 84 жаштагы таенебизди салып жамандайлыбы тиги же бул күнөөлүү деп! Же мен бир сөз айтсам эле иш оңунан чыгып кетеби?

Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшөлтөт, абдан оор абалдабыз, бирок азыр тынч, ойлорду бир жерге топтоп, эч кандай провокацияга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек.

7-8-августарда болгон окуяларга азыр баа берүүгө өтө эрте жана бул бааны бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буйруса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн! Сабырдуу бололу!», — деп жазган ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>