Сербияда карантинге каршы акция түнкү тополоң менен коштолду

Сербияда карантинге каршы акция түнкү тополоң менен коштолду

Сербиянын баш калаасы Белградда эпидемияга байланыштуу кайрадан киргизилген карантин эрежелерине жана борбордогу коменданттык саатка каршы акция 9-июлга караган түнү да уланды.

8-июлдун кечинде полиция парламенттин алдында чогулгандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Нааразылык акциялары Сербиядагы экинчи ири шаар — Нови-Садда да болду. Демонстранттар аймактагы мамлекеттик телеберүүнүн кеңсесин басып алууга аракет кылышты. Полиция ага жол бербегенден кийин демонстранттар мэрияны көздөй жөнөп, айрымдар имаратка таш ыргытышты. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

Сербия полициясынын башчысы Владимир Ребич Белграддагы акциянын биринчи түнүндөгү тополоңдо 20га жакын демонстрант жана 40тан ашык күч кызматкери жабыркаганын, полициянын беш машинеси өрттөлгөнүн кабарлады.

Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Дуня Миятович полициянын нааразылык акциянын катышуучуларына карата аракетине тынчсыздануусун билдирди. Миятович бийликти муну иликтеп, зомбулукка жол берген полиция кызматкерлерин жазалоого чакырды. Окуя болгон жерде тартылган видеолордо полициянын элди союл менен урганы көрсөтүлгөн.
Сербиянын президенти Александр Вучич иликтөөдө полициянын мыйзамсыз кадамдары аныкталса, бийлик тиешелүү чара көрөрүнө убада берди.

21-июнда Вучичтин партиясы жеңип чыккан парламенттик шайлоодон кийин бийлик карантинди кайра киргизген. Оппозиция башында турган демонстранттар азыркы курам «саясатташкан» деген негизде COVID-19га каршы күрөшкө жооп берген команданы алмаштырууну талап кылып жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>