Шайлоо 2020: «Кыргызстан” жана “Улуу журт” партиялары бирикти

Шайлоо 2020: «Кыргызстан” жана “Улуу журт” партиялары бирикти

“Улуу Журт” саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн “Кыргызстан” саясий партиясына кошулду. Бул тууралуу “Кыргызстан” партиясы расмий билдирүү жасады. 

Маалыматка ылайык, 11-августта “Кыргызстан” партиясынын төрагасы Канатбек Исаев жана “Улуу Журт” партиясынын төрагасы Аргынбек Малабаев кызматташуу боюнча келишимге кол коюшуп, шайлоого “Кыргызстан” партиясынын туусу астында аттанышарын жарыялашты.

“Бүгүнкү күндө “Кыргызстан” партиясы эң туруктуу партиялардын бири. Партия мүчөлөрү бир максат жана идеянын алдында чогулушкан. Муну алар VI-чакырылыштагы парламент учурунда дагы далилдешти. Ошондуктан биз аталган партияга кошулуу чечимин кабыл алдык”, – деген Малабаев.

“Кыргызстан” партиясынын төрагасы Канатбек Исаев эки партиянын биригүүсү боюнча сүйлөшүү бир нече ай бою жүргөнүнө токтолду.

“Бир команда болуп иштей алабызбы деген – эң башкы критерий болду. Биз кылдаттык менен эки партиянын программасын жана курамын изилдеп чыгып, биздин биригүү “Кыргызстан» партиясын дагы да күчтөнтөт деген бирдиктүү пикирге келдик”, – деген Исаев.

Эске салсак, “Улуу Журт” сасий париясы 2018-жылдын июнь айында түзүлгөн. Партиянын төрагасы мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев. Ош шаардык кеңештин экс-депутаты Керим Атамбаев  бул партиянын курамында.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайлоо өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>