Шайлоо -2021: Парламенттикке талапкерлердин үгүт күнү такталды

Шайлоо -2021: Парламенттикке талапкерлердин үгүт күнү такталды

29-октябрда Кыргызстан боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери башталаарын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө мыйзамдарынын негизинде шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күнү башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт. Тактап айтканда Кыргызстанда үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрь күнү саат 08:00гө чейин уланат.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь күнү саат 18:00гө чейин тапшырышы зарыл. Учурда тогуз партия шайлоого катышарын билдирди. Алар “Ыйман нуру”, “Ата-Мекен”, “Социал-демократтар”, “Ишеним”, “Улуттар биримдиги”, “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман эл”, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия” жана “Альянс” партиялары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>