Site icon Reporter.kg

Шайлоодо коронавирустан сактануу алгоритми иштелип чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги шайлоодо коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн санитардык нормалардын алгоритмин иштеп чыкты.

Добуш берүү күнкү талаптар:

Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «кирүү чыпкасын» уюштуруу:

— Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү.

— Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу.

— Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу.

— Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоо участогунун кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакатты жайгаштыруусу.

— Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу.

— Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу.

— Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

— Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү.

Добуш берүү үчүн орун-жай:

— Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди дыкат дезинфекциялоо.

— УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу.

— Жѳнѳтүп жаткан уюмдардын байкоочуларды, ЖМК ѳкүлдѳрүн, талапкерлерди жана саясий партияларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу.

— Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу.

— Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 м аралыкта жайгаштыруу.

— Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 м кем эмес аралыкты сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун иштеп чыгышат.

— Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат.

— Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар камтылган маалымат стенддери жайгаштыруу.

— Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде аралык белгилеринин (сызыктарынын) болушу.

— Байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү үчүн жайгашуучу жайлар социалдык аралыктарды сактоо менен участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан аныкталат. Мында, аталган адамдарга добуш берүүнүн жүрүшүн, добуштарды саноо жол-жобосун даана кѳрүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

— Желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнөт желдетип туруу керек. Эгерде сырткы чөйрөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, жайдын тынымсыз желдетилишин желдетүү аркылуу эске албаганда камсыз кылуу.

— Добуш берүү үчүн орун-жайдын чыга беришинде пайдаланылган бет каптарды жана кол каптарды утилизациялоо үчүн контейнер жайгаштырылат.

Добуш берүү процесси:

— Шайлоо участогунда шайлоочу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кѳрсѳтѳт.

— Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен тазалап идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колдорун кайра тазалап, кол кабын кайра киет.

— Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу бет кабын убактылуу алып коюп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин аны кайра киет.

— Ар бир шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана андан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат.

— Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат.

— Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш.

— Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш.

— Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачардан мурда алардын үстүнкү бети антисептик каражаттары менен иштетилет.

— БШК оорунун белгилери бар, же болбосо оорукчан менен контактта болгон, же болбосо обсервацияда турган жана ѳзүнүн активдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну каалаган шайлоочуларга тѳмѳндѳгүлѳрдү сунуш кылат:

— 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мѳѳнѳттѳ добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана 2020-жылдын 3-октябрында үйүндѳ добуш берүү жѳнүндѳ арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууну

Шайлоочу активдүү шайлоо укугун шайлоо участкасында 2020-жылдын 4-октябрында добуш берген күнү жүзѳгѳ ашырууну каалаган учурда, шайлоо участогуна саат 18:00дон кийин келүү сунуш кылынат.

Exit mobile version