Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши козголду

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши козголду

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Дюшембиев билдирди.

Анын айтымында мындан сырткары жоруктар беренелери менен дагы 46 иш өндүрүшкө алынган.

«Шайлоого байланыштуу баш аягы 128 иш козголду. Алардын 82си кылмыш иши, дагы 46 иш жоруктар боюнча иш козголгон. Алардын арасында массалык баш аламандык уюштуруудан тартып, добуш сатып алуу фактылары да бар», — деди Дюшембиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>