Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда көчкү түшүүcү күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда көчкү түшүүcү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул туууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 72-91 чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>