Шашылыш билдирүү! Жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт

Шашылыш билдирүү! Жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт

Кыргызстандын аймагында 8-9-октябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

8-октябрь күнү кндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактардын жаан жаап,  Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

9-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй,  Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

 Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>