Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өлкө аймагында 3-4-июль күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт. Бул туралу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

3-4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>