Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келери айтылды

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келери айтылды

Бүгүн, 1-августта  Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушту. Анда  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе турганы маалым болду.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын айтуусунда, тышкы иштер министрликтер аркылуу даярдык иштери, иш сапардын графиги иштелип жатат. Тар чөйрөдөгү жолугушууда Абылгазиев эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде эки тараптуу мамилени бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.

Өз кезегинде Арипов эки өлкөнү миң жылдык достук жана ынак кошуналык  мамиле бириктирип турганын белгилеп, көптөгөн каада-салттар окшоштугун, Эки өлкөнүн тарыхы бир экенин белгиледи.

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга жасай турган расмий иш сапарынын күнү азырынча белгилене элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>