Шестаков: “Эмгек” партиясынын жеңиши шайлоочулар менен иштешүүнүн натыйжасы

Шестаков: “Эмгек” партиясынын жеңиши шайлоочулар менен иштешүүнүн натыйжасы

“Эмгек” партиясынын борбордо гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында дагы ийгиликке жеткенин саясий боёксуз талдап көрсөк, анда бул партиянын өкүлдөрү башкалардан айырмаланып, шайлоочулар менен узак мөөнөт иш алып барганын байкай алабыз. Мындай пикирин саясат таануучу Игорь Шестаков жергиликтүү кеңештердеги шайлоонун жыйынтыктары тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

«Борбор калаанын кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктары тууралуу дээрлик эки жумадан бери журналисттерге маек берип жатып, мен бир нерсени байкадым. Буга чейин баарына кызыксыз болуп келген шаардык кеңештин шайлоосуна күтүүсүздөн рекорддук көрсөткүчтө – 25 партия катышып, шаардык кеңеш — партиялар кармашуучу айдыңга айланды.

Жергиликтүү кеңештердин ишине кызыккандар депутаттардын укуктары өтө эле чектелүү экенин жакшы билет, ал эми жаңы конституция боюнча аткаруучу бийликтин пайдасына алардын дагы көп укуктары өтүп кетүсү мүмкүн.  Албетте бул “жергиликтүү тополоңду” кызыткан бир нече факторлор дагы болду.  Анын негизгиси —  күзгө белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы генералдык репетиция, алар өздөрүнүн саясаттагы ордуларынын канчалык маанилүү экенин көргөзүүлөрү керек эле, жада калса мына ушундай жупуну аудиториянын алдында болсо дагы”, — дейт Шестаков.

“Эгер жалпы добуш берүүнүн негизги жыйынтыгы тууралуу кеп кыла турган болсок, ал Атамбаевдин убагындагы ийгиликтүү партиялардын тарыхка айланып бара жатканын айкындады. Бир аз мурда эле кыргыз саясатында алдыңкы саптарда турган КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, «Республика», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Ата Мекен», партиялары же таптакыр мандат ала алышпай калышты же өтө аз санда гана ээ болушту же болбосо таптакыр жарышка катышкан жок.

Менимче борбор калаадагы шайлоочулар «Ак-Бата», «Ынтымак», «Наш народ» деген партияларды биринчи жол угуп жатышат, мандаттарын кайтарып алуу үчүн соттошуп жаткан НДПКны деле көпчүлүк укпаган болуш керек”, — дейт саясат талдоочу.

Анын айтуусуна караганда муну менен катар эле алардын айрымдарын жаңы деп эсептөөгө да болбойт. Мисалга шайлоодогу кармаштардан ийгиликтүү өтүп, эңсеген мандаттарына ээ болгон “Эмгек” партиясын алсак болот.  Ал 2015-жылы өткөн шайлоодо Жогорку Кеңешке аз гана жерден өтпөй калган.

Чынында белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун партиясынын жеңиши  “Эмгекти” эңсеген мандаттарга гана ээ кылбай, добуш сатып алуу жана дагы деле аныктала элек административдик басым кылган деген айыптоолорго тушуктурду.

“Ак-Батанын” лидери Нариман Түлеевдин чуулгандуу билдирүүлөрүн кандайдыр бир реалдуу  мыйзам бузуулар тууралуу эмес, мэрдин креслосу үчүн болчу кармашка даярдык катары сыпаттасак туура болчудай.  Негизи  Бишкекте ири масштабдагы добуш сатып алуулар болсо 19 миңге жакын гана добуш алуу таптакыр логикага сыйбайт. Эгер добуш сатып алуу болсо, бул сандар жок эле дегенде эки эсе көп болуусу керек эле.  Бирок “Эмгек” партиясынын борбордо гана эмес, өлкөнүн башка аймактарын дагы айрыкча жалпы  мандаттардын жарымына ээ болгон Токмокто  да ийгиликке жеткенин саясий боёксуз талдап көрсөк, анда бул партиянын өкүлдөрү башкалардан айырмаланып, шайлоочулар менен узак мөөнөт иш алып барганын байкай алабыз. Менимче, эксперименталдык парламентаризмдин убагында убадалардан көңүлү калган биздин шайлоочулардын ишенимине ээ болуунун мына ушул эң туура жолу. Менин оюмча 11-апрелде эл деле азгырган убадаларга карабай, тизмедеги өздөрү билген талапкерлер үчүн добуш беришти. Бирок добуш сатып алуулар да орун алды болуш керек, ансыз болбойт да”, — дейт Шестаков.

Анын пикирине караганда партиялардын бирин четтетүүгө байланышкан жаңжал жок жерден чыкмак эмес. Ал эми “Эмгектин” Жогорку Кеңештин шайлоосундагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу төмөнкүдөй божомолдосо болот. Талапкерлер өз убадаларын так аткаруусу керек, шайлоочулардын көйгөйлөрүн тынымсыз чечүү менен алектенүүлөрү зарыл. Улуттук масштабда же белгилүү бир аймактын деңгээлинде болбосо дагы жок дегенде бир көчөнүн деңгээлинде чечип туруулары керек”, — деп жыйынтыктады серепчи.

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>