Ширин Айтматованы “Социал-демократтар” ага айтпай тизмеге кошкон

Ширин Айтматованы “Социал-демократтар” ага айтпай тизмеге кошкон

“Социал-демократтар” саясий партиясынын басма сөз катчысы Шаиста Шатманова аталган партиядан парламенттик шайлоодо талапкер болуучу 20 адамдын тизмесин жарыялады.

Ал тизмени Сейитбек Атамбаев жетектеп, андан кийин Ирина Карамушкина жана Анвар Артыков жайгашып, төмөнкүдөй болуп уланат:

– Жунушалиев Рустам – Коомдук ишмер

– Орозова Карамат – Жогорку Кеңештин депутаты

– Касымбеков Нурбек – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

– Жээнбеков Жусупжан – Коомдук ишмер

– Султанбеков Темирлан – КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү

– Жолдошева Назгул – Жаштар парламентти

– Султан Кылычбек – “Социал-демократтар” саясий партиясынын төрагасынын орун басары

– Мырсалиева Айжан – Коомдук ишмер

– Жээнбеков Равшан – Коомдук ишмер

– Талиева Камила – Коомдук ишмер

– Айтматова Ширин – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

– Усубалиев Таалайбек – Партиянын секретариатынын жетекчиси

– Кодуранова Асель – Жогорку Кеңештин депутаты

– Найзабеков Асылбек – Коомдук ишмер

– Камаева Айчурок –ОО “Баатырлар үмүтүнүн” мүчөсү

– Борбукеева Рита – Коомдук ишмер

– Жолдубаева Кундуз – КСДПнын расмий өкүлү.

Мындан көп узабай эле “Үмүт 2020” кыймылынын инстаграм баракчасында Ширин Айтматованын бул маалымат боюнча комментарийи жарыяланды.

 « Ширин Айтматова “Кыргызстандын социал-демократтарынын” тизмесинде болбойт. Жарыяланган тизме чындыкка дал келбейт жана анын макулдугусуз түзүлгөн. “Үмүт 2020” кыймылы мурда жарыялагандай эле бул жолку парламенттик шайлоого катышпайт”, — айтылат аталган билдирүүдө. 

https://www.instagram.com/p/CEHFuUlnG3K/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>