Штаб: Бүгүн коронавирустан бир бейтап каза болду

Штаб: Бүгүн коронавирустан бир бейтап каза болду

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Анда ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу,” — деп маалымдады Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 11ге жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>