Штаб: Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда

Штаб: Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда

Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда. Кыргызстанда дагы даярдыктар көрүлүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 2-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ал республика боюнча пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлгөнүн айтты.

«Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар ооруну убагында алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген.
Ал эми, күз-кыш айларында грипп жана респиратордук оорулардын күчөшүнө божомол бар. Мындан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Муну менен бирге, ар бир жаран абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырабыз”, — деди министрдин орун басары.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>