Шыкмаматов: Өкмөт уран казууга тыюу салган мыйзамга бут тосууда

Шыкмаматов: Өкмөт уран казууга тыюу салган мыйзамга бут тосууда

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов  парламенттин жалпы жыйынында уран казууга тыюу салуу боюнча мыйзамга өкмөт тымызын бут тосуп жатканын айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында өкмөт мыйзам долбоорун  Жер казынасын пайдалануу боюнча комитке киргизбей , күн тартибинен 2 жолу алдырып салган.

“5 айдан бери өкмөт кортунду бербей жатат. Андай болсо ар кандай жолдор менен бут тоспой уран менен торий  казылсын деп эле айтпайсыңарбы?! Трибунадан биз макулбуз деп айтып, эми тымызын акырын мыйзамга бут тосуп жатасыңар. Уранды кое туруп, алтыныбызды эле казып алалычы”, — деи Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш май айынын башында Кыргызстандын бардык аймагында уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган токтом кабыл алган.  Андан соң уран казууга таптакыр тыюу салган мыйзам долбоор иштелип чыккан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>