Системадагы мүчүлүштүктөн соң «Ата Мекен» партиясы 20 миң добушун жоготту

Системадагы мүчүлүштүктөн соң  «Ата Мекен» партиясы 20 миң добушун жоготту

“Ата Мекен” партиясы автоматтык урнадан добуштарды саноонун алдын ала жыйынтыгына нааразы. Бул тууралуу аталган саясий партиядан депутаттыкка талапкер Гүлнара Джурабаева түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы мүчүлүштүктөрдөн кийин алардын партиясы 20 миңден ашуун добушун жоготкон.

«Автоматтык урналардан алынган маалыматтардын 80 пайыздан ашыгы коомчулукка жарыяланган учурда бизде 63 миң 975 добуш бар болчу, ал эми  аталган мекеменин сайты бир топко токтоп калгандан кийин 41 миң 148 добуш болуп калды. Бул  санак логикага туура келбейт.  Добуштарды кайрадан санап чыгуу керек,көбөйсө көбөйөт, бирок, алар азайбайт», — деп белгиледи.

Ошол эле учурда Журабаева «Ата Мекен» алгач 6 пайыздан ашык добушка ээ болсо, азыр маалымат боюнча 3,48 пайызга гана ээ болуп калды. Натыйжада партия 5 пайыздык шайлоо босогосунан өтө алган жок.

«Башка партиялардын да добуштары азайды. Эмнеден кемчилик болгонун тактап, добуштардын саналышын көзөмөлдөө керек», — деп жыйынтыктады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>