Соңку суткада 412 адамдан COVID-19 илдети табылды

Соңку суткада 412 адамдан COVID-19 илдети табылды

Соңку суткада 412 адамдан COVID-19 илдети табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августтагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. 

Коронавирус аныкталган жарандар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 114
Ош – 43
Чүй облусу – 37
Ош облусу — 39
Талас облусу – 17
Нарын облусу – 21

Ысык-Көл облусу – 41
Жалал-Абад облусу – 70
Баткен облусу — 30

Муну менен Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 37541 адамга жетти.

Ошондой эле соңку суткада 816 адам сакайып, ооруканалардан чыккан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>