Сойкуларды коркутуп тоноп жүргөн киши 10 жылга кесилди

Сойкуларды коркутуп тоноп жүргөн киши 10 жылга кесилди

Сойкуларга бычак такап коркутуп тоноп жүргөн, мурда соттолгон 24 жаштагы Уланды Бишкек шаардык соту 10 жылга кесип, 100 миң сом айып салды. Бул маалымат соттун токтомунда айтылат.

Ал Бишкек шаарында сойкулук менен алектенген кыздарга атайын сайттар аркылуу барып, бычак такап коркутуп акчаларын, телефон жана кымбат баалуу буюм-тайымдарын алып кетип турган. Маселен: 2020-жылдын 5-ноябрь күнү болжол 04:30 чамасында мас абалында сайт аркылуу сойкулук менен алектенген Фатимага (аты өзгөртүлдү) чалып, батирин тактап барат. Кекиртегине бычак такап коркутуу менен 57 миң сомдук телефонун, 20 миң сомдук алтын чынжырча (цепочка) жана 1700 сомун алып кеткен. Ал убакта батирде 2 кыз болгон. Бири катуу уктап жаткан.

Кылмышка шектүү күнөөсүн толугу менен өз мойнуна алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>