Сокулук районунда 16 жаштагы Марлен Раимбеков жарым жылдан бери изделүүдө

Сокулук районунда 16 жаштагы Марлен Раимбеков жарым жылдан бери изделүүдө

Чүй облусунун Сокулук районунда 16 жаштагы Марлен Раимбеков аттуу бала жарым жылдан бери изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык. 2003-жылы туулган өспүрүм Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жашаган. Ал ушул жылдын 2-февралында окуу жайдан чыккан боюнча дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, көздөрү кара, арык дене түзүлүштө, чачы кара.

Сүрөттөгү баланы көргөн-билгендер болсо, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө же төмөндөгү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 (312) 60-75-67, 0709 35-35-29 , 0558 86-14-86, 102.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>