«Сөөгү калкып чыгып калган». Аламүдүн суу сактагычынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

«Сөөгү калкып чыгып калган». Аламүдүн суу сактагычынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Аламүдүн суу сактагычынан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМге сөөк суунун үстүнө калкып чыгып калганы тууралуу маалымат түшкөн, учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Жерине Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>