Сооронбай Жээнбеков Бейруттагы жарылууга байланыштуу Ливан президентине көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков Бейруттагы жарылууга байланыштуу Ливан президентине көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков Ливандын Президенти Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ливандын борбору Бейрут шаарында болуп өткөн кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз эли каза болгондордун жакындарына кайрат айтат жана алардын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Бардык жабыр тарткандардын тез сакайышын тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек Бейрут шаарында 4-август күнү кечинде жарылуу болгон. Адегенде пиротехникалык каражаттар сакталган кампа жарылгандыгы кабарлаган. Кийин расмий бийлик өкүлдөрү 6 жылдан бери портто эки тоннадан ашык аммиак селитрасынын сакталып турушу жарылууга себеп болгондугун айткан.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жарылуудан миңдеген адамдар жаракат алып, 78 адам каза болгонун, бул сандар дагы өсүүсү мүмкүндүгүн жазышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>