Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү

Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда чек арада, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө  жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүүнү айтты. Мындан тышкары чек ара боюндагы райондордо жашаган өлкө жарандарынын жашоосу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калаарын өзгөчө белгиледи.

Президент чек ара боюндагы айылдардын жана райондордун инфраструктуралык абалын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарылдыгына көңүл бурду.

Кеңешмеге Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>