Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи.

Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти.

Ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алып келине турганы белгиленди.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>