Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги Башкы консулун кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги Башкы консулун кабыл алды

Бүгүн, 24-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын  Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы Орусиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана эки өлкөнүн региондор аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи.

Ошондой эле баарлашуу учурунда президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы № 11 Жарлыгы менен Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу түзүлгөн.

Башкы консулдук өзүнө Орусиянын Алтай, Алтай крайы, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарын камтыган округ менен түзүлдү.

2018-жылдын алдын ала маалыматы боюнча, Сибирь федералдык округунун аймагында убактылуу/туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын саны төмөнкүдөй:

Новосибирск шаары жана Новосибирск обл. — 31 934 адам, Кемеров обл. — 2291, Омск обл. — 2750, Томск обл. — 1910, Алтай Республикасы — 121, Алтай крайы — 7 491. Бардыгы болуп Ыраакы Чыгыш Сибирь федералдык округунда 67 485 миң Кыргызстандын жарандары бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>