Сооронбай Жээнбеков Путинди 67 жашка чыгышы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Путинди 67 жашка чыгышы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

«Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Орусиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты.

Кыргызстан жана Орусия көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүк ортосун бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, Путин 67 жашка чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>